Ссылки для упрощенного доступа

Петербург: терактка шектүүнүн аты расмий жарыяланды


Петербург: терактка шектүүнүн аты расмий жарыяланды
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:01:47 0:00

Орусиянын иликтөөчүлөрү Санкт-Петербург метросунда бомба жардырды деп шектелген адамды 22 жаштагы Акбаржон Жалилов деп атады. Бул тууралуу Федералдык иликтөө комитети 4-апрелде билдирди. Иликтөөчүлөр Жалиловдун "генетикалык издерин" Петергбургдун "Площадь Восстания" станциясында табылган бомба салынган баштыктан да табышкан. "Генетикалык тест жана көзөмөл камералардын видеолору метродо теракт жасаган адам баштыкты "Площадь Восстания" станциясына таштап кеткен деп айтууга негиз берет",-деп айтылат комитеттин билдирүүсүндө.

XS
SM
MD
LG